Социологиялык сурамжылоодо Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунун тургундары мамлекет туура багытта баратат деген пикирлерин билдиришкен. Ал эми Бишкекте жана өлкөнүн түндүк аймагында болсо Кыргызстан туура эмес багыт менен баратат дегендер үстөмдүүлүк кылып, жумушсуздук, коррупциянын күчөшү, айыл-чарбасындагы көйгөйлөргө басым жасашкан. Сурагандардын 23% президент К.Бакиев электр кубатын чектеп катуу жаңылыштык кетиргенин, 15 пайызы коррупциянын күчөшүн, 11 пайызы кылмыштуулук өскөнүн айтышкан. Социологиялык сурамжылоону Литванын, Казакстандын өкүлдөрү жүргүзүшкөн. (AJ)