Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Тегеран тынч эмес



Ишемби күнү Иран бийлиги 12-июндагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаган соң, бул жыйынтыкты бурмалоо жолу менен жасалды деп нааразы болгон миңдеген демонстранттар Тегерандын көчөлөрүнө чыгышты.
Кээ бир көчөлөрдө алар полициянын унаасын өрттөгөнгө чейин барышты.
Полиция Тегеран университетинин жанына чогулган студент демонстранттарды көздөн жаш агызчу газ менен аткылады.
Президент Махмуд Ахмадинежаддын негизги атаандашы, мурдагы өкмөт башчы жана реформачыл саясатчы Мир Хусейн Мусави расмий жыйынтыкты тааныбай турганын айтып, жума күнкү шайлоону “коркунучтуу сөз оюнуна” теңеди.
Ал эми президент Ахмадинежад болсо бул шайлоо эркин жана дурус өттү деген баасын берди. Ирандын руханий жетекчиси, айатолла Али Хаменейи ирандык атуулдарды шайлоо жыйынтыгын урматтоо менен кабыл алууга чакырды.
Иран Ички иштер министрлигинин расмий маалымдашынча, учурдагы президент Ахмадинежад үчүн жума күнү добуш берүүгө катышкандардын 62 пайызы колдоо көрсөткөн, ал эми Мусави – болгону 34 пайыз добуш алган. Жалпысынан, 46 миллиондой шайлоочунун дээрлик 85 пайызы добуш берүү жараянына катышканы кабардалды.

XS
SM
MD
LG