Өзгөн районунун акими Байышбек Жуманазаровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, өзбек чек арачылары 2-июнда кармап кеткен Өзгөн районун 31 жаштагы тургуну Убайдылла Миталипов Анжиян абагында жаткандыгы кабарланууда. Ал эми ага караштуу "Ауди" маркасындагы машина Ханабад шаарында экспертиазадан өткөрүлүүдө. Коңшу өлкөнүн жергиликтүү бийлиги кыргыз жаранын укук коргоо органдарына жакынкы күндөрдө өткөрүп берээрин убада кылууда. Анткени менен Убайдылла Миталиповдун жердештери расмий Бишкек Ташкен менен теңата сүйлөшпөгөнүнө нааразы болуп, такыр жыйынтык чыкпаса, айылдашын өздөрү издеап барган жатышат. (ATo)