Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:06

Беларус президенти А. Лукашенко ЖКУнун саммитине катышуудан баш тартты

Жогорку деңгээлдеги жыйын бүгүн Москвада башталды. Мындай чечим Россиянын Беларустун сүт азыктарын алып келүүгө салган тыюусуна байланыштуу кабыл алынды. Минск тыюуну экономикалык коопсуздукка шек келтирген "дискриминация" катары бааларын айтты. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Беларус бийликтеринин чечимин сындап, экономикалык проблемаларды аскерий жана саясий коопсуздук маселелерине байланыштыруу туура эмес деп билдирди. Беларус Грузиянын жикчил эки жумуриятынын эгемендүүлүгүн таануудан баш тарткандан бери Москва менен Минскинин мамилелери сууй түштү.
XS
SM
MD
LG