Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:14

Тегеранда шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык бүгүн да уланды


Полиция демонстранттарга каршы жаш чыгаруучу газ колдонгону кабарланууда. Ажанс Франс Пресс агенттиги маалымдаганына караганда, шайлоодо утулуп калган реформачыл саясатчы Мир Хоссейин Мусавинин 200дөй тарапкери полиция менен кагылышты. Полиция дүкөндөрдө баш калкалоого аракеттенген демонстранттарга күч колдонду. Тегерандын полиция кызматынын жетекчи орун басары Ахмад Реза Радандын айтымында, ишембик күнкү нааразылык чараларына байланыштуу 170тей киши камакка алынды. 10дой киши толкундоолорду уюштурган деп шектелүүдө. Радан камакка алуулар уланат деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG