Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Өзбекстан жана Беларус ЖККУ келишимине кол коюудан баш тартышты


Өзбекстан жана Беларус Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинде уюмдун алкагында атайын күчтөрдү түзүү тууралуу келишимге кол коюудан баш тартышты. Өзбекстан президенти Ислам Каримов бул келишим өлкөнүн ички иштерине кийилигишүүсүнө Москвага жол ачат деген негиз менен ага кол коюудан баш тартты. Беларус президенти Александр Лукашенко Орусиянын Беларустун сүт азыктарын алып келүүгө салган тыюусуна байланыштуу саммитке катышкан жок. Расмий Минск тыюуну экономикалык коопсуздукка шек келтирген "дискриминация" катары баалады.

XS
SM
MD
LG