Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Иран: Президент батыш маалымат каражаттарын айыптады


Президент Махмуд Ахмединежад Ирандагы окуяларды “апыртып-көбүртүп баяндап жатат” деп батыш маалымат каражаттарын айыптады. Мунун алдында "Ал-Арабия" телекомпаниясынын Тегерандагы бюросу жабылган. Полиция голлландиялык Nederland 2 телеканалынын кабарчыларын кармап, тартылган материалдарын опуздап алып, өздөрүн өлкөдөн чыгарып салышты. Би-Би-Си фарсы тилиндеги программалары да Иранда үзүл-кесил көрсөтүлүп, бул үчүн жоопкерчиликти корпорация жергиликтүү бийликтерге жүктөдү. Евробиримдик жана АКШ Ирандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG