Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 14-июнда түнү Москвада Курманбек Бакиев менен Ислам Каримов көзмө-көз жолугуп баарлашты. Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу алака-катыштарынын маселелерин талкуулашты жана эларалык турмуштун бир катар маанилүү маселелери боюнча пикир алышты. Атап айтканда, Кытай – Кыргызстан -Өзбекстан темир жолун курууга жалпы кызыкчылык бар экенин белгилешти.(AiT)