Генерал Стенли МакКристал бул кызматты быйыл майда АКШнын коргоо министри Роберт Гейтстин буйругу менен иштен бошотулган генерал Дэвид МакКирнандан өткөрүп алууда. Жаңы командачы атайын операциялар боюнча чоң тажрыйбага ээ генерал катары эсептелинет. Андан Ооганстанда акыркы үч жылдан бери активдешип жаткан талибдерге каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын күтүп жатышат.