Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:42

Евробиримдик Израилдин өкмөт башчысынын сөзүн оң баалады


Биримдиктин учурдагы төрагасы Чехиянын тышкы иштер министри Ян Когоут Биньямин Нетаньяхунун кечээги сөзүн “туура багыттагы кадам” деп атады. Израилдин премьер- министри болсо кечээги сөзүндө белгилүү бир шарттарда палестин мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгү тааныларын айткан эле. Биньямин Нетаньяху белгилегендей, палестин мамлекети түзүлүүсү үчүн ал толугу менен демилитаризациялануусу керек. Ошондой эле палестиналыктар Израилди жөөт мамлекети катары таануусу абзел. АКШ Израилдин премьер- министринин турумун “алдыны көздөй маанилүү кадам” деп атады. Ошол эле учурда палестиналык расмий өкүлдөр Нетаньяхунун Иерусалимди бөлүү жана палестиналык качкындардын статусу өңдүү маселелерди талкуулоодон баш тартышын сынга алып, муну сүйлөшүүлөргө “саботаж” жасагандык катары баалашты.

XS
SM
MD
LG