БШКнын бүгүнкү маалымдоосуна караганда, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттике талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуусунун графигин аныктады. Ага ылайык талапкерлер баары чогуу түрдө Чүй облусунда 20-21-22-23-24-июнда, Ысык-Көл облусунда 25-26-27-июнда, Нарында 28-29-июнда, Жалал-Абад облусунда 30-июнда, 1-2-3-июлда,Ош шаарында 4-июлда, Ош облусунда 5-6-7-8-июлда, Баткен облусунда 9-10-11-июлда, Таласта 12-13-июлда, Бишкек шаарында 14-15-16-июлда шайлоочулар менен жолугуша алат. Жергиликтүү бийлик талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусун уюштурууга милдеттендирилген.(AiT)