Саммит Екатеринбург шаарында өтөт. Түндүк Кореянын өзөктүк программасы жана Ооганстандагы кырдаал саммитте талкуулануучу башкы маселелерден болчудай. Орус президенти Дмитрий Медведев бүгүн кечинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине сый тамак берери күтүлүүдө, ал эми негизги жыйындар эртең болот. Шанхай кызматташтык уюмуна учурда Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан мүчө. Ал эми уюмда байкоочу макамын алган өлкөлөр катары Ооганстан, Пакистан, Индия, Иран эсептелинет. Орусиядан соң ШКУда төрагалык кылуу укугу Өзбекстанга өтмөкчү.