Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:35

Ирандын жогорку жолбашчысы шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтөөгө көрсөтмө берди


Мамлекеттик теленин бүгүнкү кабарына караганда, Аятолла Али Хаменейи президенттик шайлоодо жеңилген талапкер Мир Хоссеин Мусавиге өзүнүн шайлоо жыйынтыгына байланышкан нааразылыгын тынч жана мыйзамдуу жол менен билдирүүнү айткан.

12-июндагы шайлоодо азыркы президент, Махмуд Ахмадинежад мурдагы премьер- министр, реформачыл маанайдагы Мусавини жеңгени жарыяланган соң акыркы эки күндөн бери Тегеранда жана башка шаарларда кагылышуулар орун алды. Мусави шайлоо учурунда бурмалоолор кеңири жайылганын айтуу менен добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырды. Ахмадинежад болсо шайлодогу жеңишин адилет жана чыныгы деп атады.

Бул аралыкта Ирандын ички иштер министрлиги Мусавинин жактоочуларынын Тегеранда бүгүн кечкиге белгиленген демонстрациясына тыюу салды. Бирок уюштуруучулар нааразылык акциясын тыюу салынганына карабай өткөрөбү же жокпу, азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG