Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Ошто укук коргоочу Төлөн Дыйканбаевге каршы кылмыш ишти сот карап жатат


Оштогу укук коргоо кыймылынын төрагасы Төлөн Дыйканбаевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, ал тааныш келинди күч колдонуп чогуу жашоого мажбурлаган деп айыпталууда. Төлөн Дыйканбаев милиция бийликтин саясий буюртмасын аткарып, териштирүүнү бир беткей жүргүзгөндүгүн белгилеп, кылмыш ишин кайра тергөө үчүн прокуратурага жөнөтүүнү өтүндү. Тилекке каршы, мамлекеттик айыптоочу буга макул эместигин билдирди. Ал эми оштук укук коргоочулар Төлөн Дыйканбаевдин үстүнөн башталган сот жараянын куугунтуктоо, башка бейөкмөтчүл уюмдарга милициянын кыр көрсөтүүсү катары баалашууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG