Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:29

Нарын облусунда биринчи жолу пара алган деп айыпталган сот соттолду


Жумгал райондук сотунун төрагасы Айтбай Аскалиев 2008-жылдын 17-сентябрында Чаек айлынын тургуну Нуриса Айтбаевадан 20 миң сом пара алды деп айыпталып Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. 2009-жылдын 2-июнунда бул иш боюнча башталган сот иши жыйынтыкталды. Сотто мамлекеттик айыптоочу Нарын шаарынын прокурору Майрамбек Акматалиев А. Аскалиевди күнөөлү деп таап Кылмыш-Жаза Кодексинин тиешелүү жоболоруна таянып, 25 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ишти караган Нарын шаарынын судьясы Замира Амиракулова айыпталуучунун мурун соттолбогонун, көп жылдар бою сот тармагында иштегенин эске алып 5 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. Бул облуста сот үстүнөн каралган биринчи иш. (JI)

XS
SM
MD
LG