Бүгүнкү күнгө карата Нарын райондук шайлоо комиссиясына (РШК)участкалык шайлоо комиссиясынын курамына өкүлдөрдү киргизүү жөнүндө жети саясый партиядан кайрылуулар келип түштү. Мындай маалымат Нарын РШК төрагасы Дүйшөнбек Түмөнбаевден алынды. Алар «Ак-Жол», «Жаңы Кыргызстан», Коммунисттер, «Эл менен», «Кыргызстан Биримдигинин патриоттуулугу», Жергиликтүү жамааттар жана дыйкандар, Кыргызстан Ардагерлер жана жаштар партиялары. Ал эми Нарын шаардык шайлоо комиссиясына азырынча беш партиядан кайрылуу түшкөндүгүн комиссия төрагасы Жумаалы Мааткалыков билдирди. (KUs).