Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Таласта селден төрт үй жарактан чыкты


Таластын Бакай-Ата районунда 12-июндагы селден төрт үй таптакыр керектен чыкты, кырктан ашуун үйдүн короосундагы жер-жемиши жуулуп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, аталган аймактагы Жалпак-Тил каналынын суу жырып кеткен жерлери бүтөлдү. Жолдор тазаланып жатат. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары Жалал-Абат облусунда да уланууда. Май айында жана июндун башында катуу шөшөрлөп жааган жаандан Кыргызстандын бир катар аймактарын сел каптап, үй-мүлккө зыян келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG