Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:56

АКШ жарандары асырап алган кыргызстандык балдардын тагдыры тууралуу маалымат берилет


ЖК депутаттары Гүлнара Дербишева менен Дамира Ниязалиева июнь айынын башында Американын мамлекеттик департаментинин атайын чакыруусу менен АКШнын бир катар шаарларында болуп кайтышты. Алар Америкага сапарында кыргызстандык балдарды асырап алган АКШ жарандарынын үйлөрүнө барып, балдардын абалы менен таанышып келишкен. Депутат айымдар бул сапарынын жыйынтыгы тууралуу бүгүн маалымат каражаттарын жана коомчулукту кабардар кылышмакчы. Мындан тышкары маалымат жыйынында АКШдагы Гаага Конвенциясынын механизмдери тууралуу ой бөлүшөт, деп кабарлайт парламенттин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG