Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Эркин Бөлөкбаевдин укугу абакта да бузулуп жатат


“Жашылдар” партиясы тараткан маалыматка ылайык, учурда УКМКнын убактылуу абагында жаткан Эркин Бөлөкбаевге жакындары тарабынан берилген тамак-аш толугу менен жетпей атат. Мындан тышкары камактагы саясатчыга укуктук китептерди окууга тыюу салынууда. Абактын тартиби боюнча анда кармалгандар күн сайын жарым сааттан таза абага чыгарылууга тийиш болсо да, Эркин Бөлөкбаев 27-апрелден бери болгону үч жолу жыйырма мүнөттөн таза абага чыгарылган, деп айтылат “ Жашылдар” партиясынын маалыматында.
Бул билдирүүгө байланыштуу УКМК өзүнүн жообун азырынча айта элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG