Италия Гуантанамодогу абакта отургандардын үчөөнү кабыл алууга макулдугун берди. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама Вашингтондо Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони менен сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Учурда АКШ бир катар өлкөлөрдү Гуантанамодогу абакта отургандарды кабыл алууга ынандырып келет. Гуантанамодогу түрмөдө террорчулук жасаган деген шек менен 240 киши отурат.