Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:30

МАГАТЭ жетекчиси АКШ менен Иран сүйлөшүүлөрдү баштарына үмүт артты


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Мохаммед эл-Барадей АКШ менен Иран Тегерандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштарына үмүт артты. Венада МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Мохаммед эл-Баррадей Барак Обаманын администрациясынын Иран менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоо чакырыгын кубаттады. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Тегеран уранды байытуу иштерин токтотпой турганын кайталап келет. Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал даярдоо максатында уранды байытып жатат деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG