ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бүгүн коопсуздук декларациясына жана террорчулукка каршы конвенцияга кол коюшары күтүлүүдө. Орусия президентинин жардамчысынын маалыматына караганда, декларацияда өзөктүк куралдарды жайылтпоо жана экономикада туруктуулукту сактоо тууралуу макулдашуулар каралган. Ушул эле күнү Екатеринбургда Бразилия, Орусия, Индия жана Кытайдын биргелешкен алгачкы саммити өтөт. Кечээ Орусия, Ооганстан жана Пакистандын президенттери аймактагы коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулашкан.