Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Кыргызстан балдарды асырап алуу боюнча Гаага конвенциясына кошулуш керек


Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлнара Дербишева жана Дамира Ниязалиева бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Алардын маалыматы боюнча, америкалык жарандар асырап алган кыргызстандык балдар жакшы каралууда. Депутаттар андай балдардын жыйырмасы менен АКШда жолугушуп, алар жакшы колдорго тийгенине ынанышкан. Азыркы мезгилде 65 бала мына ошондо асырап алууга муктаж болуп турат. Алардын көпчүлүгү майып жана оорулуу балдар. Ошондуктан алар чет өлкөлүк асыроочулардын колуна тийсе дарыланууга да мүмкүнчүлүк алышмак. Бирок кыргызстандык балдарды чет өлкөлүктөр асырап алуусуна мораторий киргизилгенине байланыштуу, учурда андай иштерге тыю салынган. Бул маселелерди жөнгөрүү үчүн Кыргызстан балдарды асырап алуу боюнча Гаага конвенциясына кошулуш керек, деп белгиледи депутаттар.(AiT)

XS
SM
MD
LG