Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда Токтайым Үмөталиеваны президенттике талапкер катары каттоо маселеси каралды. Жыйында Үмөталиева аны колдогон 50 миңден ашуун жарандын кол тамгасын топтогону жана калган документтери мыйзам чегинде экени белгиленип, натыйжада Токтайым Үмөталиева Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары катталып, ага тийиштүү күбөлүк тапшырылды. Токтайым Үмөталиева "Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын" бирикмесинин жетекчиси. БШК эми Нурлан Мотуевди талапкер катары каттоо маселесин кармакчы.(AiT)