Акбаралы Айтикеев Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берип, комиссиянын аны каттабай койгон чечимин жокко чыгаруу талабын койгон. Акбаралы Айтикеев өз колдоочуларынын жетиштүү кол тамгасын топтой алган эмес деген себеп менен БШКа аны президенттике талапкер катары каттабай койгон. Айтикеев БШКнын мындай чечимин жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылган. Айтикеевдин пикиринде, талапкер болуп катталган Курманбек Бакиев топтогон кол тамгалар жокко чыгарылып, БШК таркатылып, президенттик шайлоонун жаңы мөөнөтү дайындалууга тийиш. Сот жараяны уланууда. (AiT)