Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

А. Атамбаевдин Базар-Коргондогу штаб башчысынын кырсыкка учурашы шайлоого байланыштуу


Мындай маалымат бүгүн « Ата Мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевден алынды. Анын айтымында, 15-июнда «Газпром» ишканасынын жумушчусу «Ауди» автоунаасы менен президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Базар-Коргон районундагы шайлоо штабынын башчысы Садыралы Эргешов түшкөн «Тико» автоунаасын атайылап сүздүргөн. «Аудинин» ээси мас абалында болгон жана С. Эргешовдун шайлоо ишин үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөгөн. Кырсыктын айынан «Ата Мекен» партиясынын да облустагы төрагасы болгон Садыралы Эргешовдун сол колу менен буту, төрт кабыргасы сынган. Райондук милиция Базаркоргон – Арстанбап жолундагы бул жол кырсыгынын шайлоого тиешеси жоктугун жана кырсыкка себепкер айдоочуга кылмыш кодексинин 281 – беренеси менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG