Өз кайрылуусунда укук коргоочулар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталиновду Ноокат районунда куугунтукту токтотуп, УКМКнын Ноокат районундагы кызматкерлерин алмаштырууну сунуштаган. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, УКМКнын кызматкерлери Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын туугандарын суракка чакырып, алардан камалгандарды айыптоону, Хизбут-тахрирге мүчө экенин айтууну, президент Курманбек Бакиевден кечирим суроону талап кылышкан. Мындай аракет менен УКМК жарандардын адилеттүүлүккө ишенимин кетирип, Ноокаттагы кырдаалды курчутууда. УКМК башчысы абалга баа берип, тийиштүү чечимдерди кабыл алууга тийиш. Эгерде андай аракет жасалбаса Мурат Суталинов кызматтан кетүүгө тийиш, деп белгиленген кайрылууда. (AiT)