Орусия, Кытай, Кыргызстан, Казахстан, Тажикистан жана Өзбекстандын лидерлери терроризмге каршы атайын конвенцияга кол коюп, бул багыттта бирдей укуктук база түзүүнү макулдашышты. Шанхай кызматташуу уюмунун жыйынына бүгүн Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад байкоочу тарап катары катышты, алгачкы пландар боюнча ал Екатеринбургга кечээ келмек, бирок өз өлкөсүндөгү элдик толкундоолордон улам сапарын кечеңдетүүгө аргасыз болгон.