Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:50

Ирандын Көзөмөлчүлөр кеңеши шайлоодогу добуштарды кайра эсептеп чыгат


Ирандагы жогорку мыйзамчы орган, Көзөмөлчүлөр кеңеши 12-июндагы президенттик шайлоодо берилген айрым талаштуу жерлердеги добуштарды кайра эсептеп чыкмай болду. Ырасмий ИРНА агенттиги кабарлагандай, кайра эсептөөдөн кийин айрым талапкерлердин көрсөткүчтөрү өзгөрүшү мүмкүн. Махмуд Ахмадинежад жеңди деп жарыяланган шайлоо жыйынтыгы 3 күндөн бери Тегеран жана башка шаарларда элдик толкундоолорго алып келди. Ахмадинежаддын башкы атаандашы Мир Хусейн Мусави – кайра шайлоо өткөрүүгө үндөгөн, анын он миңдеген жактоочулары катышкан демонстрация маалында кечээ 7 киши өлтүрүлгөнү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG