Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

К. Бакиев: Кыргызстан Ооганстанды ар тараптан колдоону улантат


Президент Курманбек Бакиев Шанхай Кызматташтык уюмунун Екатеринбургдагы саммитинин алкагында Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө К. Бакиев Кыргызстан Ооганстандагы бакубаттуулук жана стабилдүүлүктүн орношу үчүн ар дайым аракет кылып, жардам берип келген баса белгиледи. Хамид Карзай өз кезегинде Кыргызстандын жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ооганстандын, Кыргызстандын жана Кошмо Штаттарынын аймактагы терроризм, диний экстремизмге каршы иш-аракеттери натыйжалуу жана өтө керектүү экенин айтты. Х. Карзай Кыргызстан Ооганстанга керектүү жүктөрдү өз аймагы аркылуу ташып өтүүгө мындан ары да мүмкүнчүлүк берерине үмүт артты. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, К. Бакиев Ооганстан менен Пакистандагы бейстабилдүүлүк бүтүндөй Орто Азия аймагына да түздөн-түз таасир этээрин, ошондуктан Кыргызстан мындан ары да жардамын улантаарын айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG