Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

ҮМӨТАЛИЕВА Токтайым Жумаковна



Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациасынын төрайымы.



1962-жылдын 4-апрелинде Таластын Бакай-Ата районунда туулган. Улуту кыргыз.

Кыргыз улуттук университетин аяктаган, адистиги – химия сабагы боюнча мугалим.

Сеул, Вена, Женева, Варшава, Вашингтон жана Стамбул шаарларында өткөн бир канча эл аралык жыйындарга катышкан. Бир канча илимий жана саясий макалалардын автору.

2000-жылы “Жаңы муун” долбоорун иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссияга, 2002-жылы Эл аралык Тоолор жылын өткөрүү боюнча республикалык уюштуруу комитетине мүчө болгон. 2002-жылы өлкө баш мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча Конституциялык кеңешмеге да мүчө болгон.
Токтайым Үмөталиева 2005-жылкы президенттик шайлоодо да талапкерлигин коюп, Кыргызстандын тарыхында президенттикке талапкерлиги катталган биринчи аял-талапкер болгон.

Үй-бүлөлүү, үч кыздын энеси.
XS
SM
MD
LG