Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Ооган-кыргыз президенттери жолугушту


Жолугушуу Шанхай Кызматташтык уюмунун Екатеринбургдагы саммитинин алкагында болду. Анда президенттер Ооганстандагы кырдаал, диний экстремизм менен терроризмге каршы биргелешип күрөшүү тууралуу кеп кылышты. Жолугушууда “Манас” аба базасы тууралуу түздөн-түз сөз болбогону менен Ооган президенти Хамид Карзай Кыргызстандын жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Ооганстандын, Кыргызстандын жана Кошмо Штаттарынын аймактагы терроризм, диний экстремизмге каршы иш-аракеттери зарылдыгын белгиледи. Х. Карзай ошондой эле Кыргызстан Ооганстанга керектүү жүктөрдү өз аймагы аркылуу ташып өтүүгө мындан ары да мүмкүнчүлүк берерине үмүтүн билдирди. К. Бакиев Ооганстан менен Пакистандагы кырдаалдын оорлошу жалпы Борбор Азияга түздөн-түз терс таасир тийгизээрин, ошондуктан Кыргызстан да Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга көмөгүн улантаарын айтты, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG