Бүгүн Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы чукул парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл ала баштайт. Кечээ комиссиянын жыйынында шайлоого катышуу укугу бар 28 партиядан турган тизме бекитилди. 15-июнда Молдованын президенти Владимир Воронин парламентти таркатып, 29-июлда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү буйруган.