Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:45

Иранда кырдаал тынч эмес


Иран бийлиги чет өлкөлүк журналисттерге оппозициянын митингдерин чагылдырууга тыюу салды. 12-июнда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарына макул болбогон миңдеген ирандыктар бир нече күндөн бери нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө. Кечээ Тегеранда орун алган башаламандыктар маалында жети киши окко учкан. Адамдардын убалынан чочулаган оппозициялык талапкер Мир Хоссейн Мусави тарапкерлерин нааразылык митингдерин токтотууга чакырды. Буга карабастан Мусавинин жактоочулары Тегерандагы аянттардын биринде митинг өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG