Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Момбеков раймилицияга жеткирилди, Жээнбеков сотко кайрылды


Буга “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун арызы себеп болду. Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда арызды 10-июнда гезит архивинин, логотиптин, сүрөттөрдүн кеңседеги компьютерден белгисиз жагдайда жоголуп кетишине байланыштуу берген. Момбековдун айтымында мындай жагдайдын түзүлүшүнө Жээнбековдун гезит ээси тарабынан кызматтан алынып, анын ордуна баш редакторлукка Момбековдун дайындалышы себеп болууда. Гезит ээси Нурлан Балтабаев 8-июндагы буйругу менен гезит жетекчилигин алмаштырган. Бабырбек муну мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек райондор аралык сотко кайрылганын билдирди. Ал өз арызында соттон 8-июндагы буйрукту жокко чыгарууну, 2008-жылы 25-августта гезит ээси менен түзүлгөн келишимдин негизинде гезит ишмердүүлүгүнө киришүүгө гезит ээсине үч жылга чейин тыюу салууну сураган. Момбековдун баш редакторлугу менен ушу аптада "Ачык саясат" гезитинин үчүнчү саны чыккан атат. (BuS)

XS
SM
MD
LG