Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:44

Ак-Жар конушунда жарык, суу сурагандар көчөгө чыгышты


“Жашылдар” партиясынын өкүлү Каныбек Сарымсаковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда жүздөн ашык адам чогулуп, жаңы конушту электр жарыгы, суу менен камсыздап, турак үйлөрдү каттоо иштерин иретке келтирүүнү талап кылышууда. Учурда көчөгө чыккандар менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүп жатат. Жергиликтүү тургундардын биринин маалыматына караганда “Дордой” базарынын аймагында жайгашкан бул конушта 3,5 миңдей киши отурукташкан. Ак-Жарда эл отурукташа баштаганына беш жыл болду. Райондук бийлик болсо жаңы конуш мыйзамдаштырылган эмес деп жатат.(BuS)

XS
SM
MD
LG