Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:37

“Камбар-Ата ГЭС - 2” ачык акционердик коому түзүлүүдө


Бул тууралуу бүгүн “Ак жол” фракциясынын отурумунда Отун, энергетика, өнөр жай ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев билдирди. Мындай чечимди өкмөт Камбар-Ата-2 курулушун аяктоо үчүн инвестиция тартуу максатында кабыл алды. Ишкананы түзүүчүлөр катары Кыргыз өкмөтү, “Электр станциялар” ишканасы саналат, мындан тышкары ишкананын үлүшү аныкталат. Ишкананын уставдык капиталы 3 млрд. 285 сом болуп, анын 2 млрд. 950 млн. сому республикалык бюджеттен, калганы курулушка чегерилген дивиденттердин мамлекеттик үлүшүнүн эсебинен берилет. Фракция бүгүн жаңы түзүлүп аткан ишкананы түзүучүлөрдүн уставдык капиталга киргизген акылары жөнүндөгү токтом долбоорун талкуулады. (BuS)

XS
SM
MD
LG