Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Германия жана Польша тышкы иштер министрлери Украинага келди


Алардын сапарынын максаты – Евробиримдик азыркы экономикалык кризистин шартында Украинага алдыда кандай жардам көргөзө аларын иликтөө. Дүйнөлүк банктын эсептөөсүнө караганда, кризистен улам Украинанын экономикасы быйыл 9%га төмөндөөрү күтүлүүдө.

Немец тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер менен поляк тышкы иштер министри Радослав Сикорскинин Киевде президент Виктор Ющенко, парламент жана оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрү белгиленген. Экономикалык кризистен тышкары Штайнмайер менен Сикорски Киевдеги сапары учурунда Украинанын орусиячыл жана батышчыл саясий күчтөрү ортосунда жүрүп жаткан бийлик талаш күрөшүн чечүүгө Евробиримдик кандай жардам көргөзө аларына кызыкмакчы.

XS
SM
MD
LG