Бул тууралуу аталган конуштун тургуну Замирбек Камалов “Азаттыкка” айтып берди. Каза тапкан балдардын экөөсү сары ооруудан, калгандары безгек, аз кандуулук жана башка илдеттердин айынан ажал табышкан. Ак жарлыктар мунун кесепетин конушта медициналык мекеменин жоктугу, шаардагы эмканалар аларды каттоосу жоктугунан кабыл албагандыгы менен түшүндүрүштү.
Бүгүн Ак-Жардын 100дөн ашуун тургуну конушту электр жарыгы, таза суу менен камсыздоо жана турак-жайды каттоо иштерин иретке келтирүү талабы менен Ташкент-Алматы кан жолун тосуу аракетин көрүштү. (SA)
Бүгүн Ак-Жардын 100дөн ашуун тургуну конушту электр жарыгы, таза суу менен камсыздоо жана турак-жайды каттоо иштерин иретке келтирүү талабы менен Ташкент-Алматы кан жолун тосуу аракетин көрүштү. (SA)