Президенттик шайлоодо элдин көпчүлүгү Бакиев менен Атамбаевге добуш бериши ыктымал. Мунун себеби, саясат таануучу Т. Какчекеевдин пикиринде, бул эки талапкердин Орусиядан окуп тарбиялангандыгында жана мурда-кийин бирге иштешип, туруктуу позияциясы бар экендигинде. “Ошондой болсо да Камбар-Ата долбоору жана Орусиядан алынган акча менен Бакиевдин аброю элдин жакынкы эс тутумунда түзүк эле отурукташып калды,”- дейт Токтогул Какчекеев.