Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Кара-Кулжада Атамбаевди колдогондорду коркутуп-үркүтүү күчөдү


Кара-Кулжа районуна караштуу Ак-Кыя кыштагынын тургундары «Азаттыкка маалымдаганына караганда, Кулун-Ата коругунун директорунун орун басары Закиркул Жусупов Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевге добуш беребиз деген үй-бүлөлөрдү тизмелеп, даректери боюнча барып коркутуп, «Азыркы оюңардан кайтпасаңар, силер менен милиция, улуттук коопсуздук комитети иш жүргүзөт» деп эскертүүдө. Кара-Кулжа районун акиминин орун басары Бекполот Мажитов менен байланышканыбызда, аймактык бийлик бардык талапкерлерге бирдей шарт жаратып жаткандыгын, кокус Кулун-Ата коругунун башчысынын орун басары Закиркул Жусуповдун жогорудагы айткандары чын чыкса, токтоосуз чара көрүлөөрүн маалымдады. (ATo)

XS
SM
MD
LG