Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

БЭКтин өкүлү Аксыда МАИ текшерүүсүнө кабатыр


БЭКтин аталган райондогу мүчөсү Кубанычбек Маматкеримов Кербен шаарында башка жактан келген МАИ кызматкерлери автоунааларды текшерип жаткандыгын жана күч уюмдарынын өкүлдөрү көбөйтүлгөнүн билдирди. Анын белгилешинче, бул аракеттер 19-июнда БЭКтин бирдиктүү талапкери А. Атамбаевдин райондогу шайлоочулары менен жолугушуусуна элди аз катыштыруу максаты болуусу мүмкүн. 50 жылдыгы бүгүн белгиленген Аркыт токой чарбасына облустук, райондук мекеме-уюмдар менен бийликти жактаган адамдар чогулду. Райондогу Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы Райымкул Барпиев кечээ аталган айыл өкмөткө келген облустук эки жетекчи шайлоо темасында сөз кылганын билдирди. Обулустук МАИнин башчысы Сүйүн Мамазияев техникалык кароонун мөөнөтү келгендиктен Аксыда жергиликтүү кызматкерлер адаттагы ишин аткараарын маалымдады. (YA)

XS
SM
MD
LG