Көз каранды эмес « Позиция» басылмасы эки жумадан бери чыкпай калды. Гезит ээси Асылбек Текебаевден бүгүн алынган маалыматка караганда, «Позициянын» убактылуу токтотулушуна өзбек тилдүү журналисттер менен котормочулардын жетишсиздиги себеп болууда. Мурда иштеп жаткан адамдар коопсуздук кызматтарынын кысымынан чочулап, гезит менен кызматташуудан баш тартышты. Гезит соңку ирет 10 миң нускада өзбек тилинде жарык көргөн. «Позициянын» эмки санын чыгаруу үчүн даярдыктар көрүлүүдө, деп билдирди Асылбек Текебаев. (YA)