Бишкектеги Ала-Тоо аянтында коюлган айкелдерден чыккан чыр-чатакка кошулуп, Бириккен Элдик кыймыл дагы өзүнүн билдирүүсүн жарыя кылды. “Борборубуздагы эң маанилүү жана ардактуу жерге – башкы аянтка “Манас” эпосундагы кыргыз элинин душмандары Коңурбай, Жолой, Нескара, Шыпшайдар сыяктуу каармандарга жасалып, орнотулган айкелдерди салтанаттуу ачышы Президент К. Бакиевдин бул идеяны толук колдогонунан кабар берет. Мамлекет башчысы бир аз мурда жарыялаган “Жаңылануу багытында” “ата-бабалардын укуктарын тутуу - улуттук эстутумду, салттарды кыйроодон сактоо, бизге өмүр берип, кылымдык акыл-ой мурасын калтыргандарга урмат-сый көргөзүү парзы”, деп баса белгилеген. Демек, аталган айкелдер “кылымдык акыл-ой мурасын калтыргандарга урмат-сый көргөзүү парызынын” практика жүзүндө ишке ашырылышы катары баа берүүгө толук негиз болуп саналат”,-деп айтылат билдирүүдө. Бириккен элдик кыймыл борбордук аянттагы жаңы композиция азыркы бийликтин маданиятка, улуттук салтка, насил-наркка, мураска карата кайдыгер жана жоопкерчиликсиз мамилесин ачык көрсөтүп койду деп сынга алып, “эл душмандарынын” айкелин тургузууга мамлекеттик каражаттарды ысырап кылгандарды укуктук жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Айтмакчы, "Азаттыкта" сүйлөп, интернет аркылуу ой-пикир кошкондордун арасында борбордук аянттагы айкелдердин айланасында ашыкча чуу салууга каршы болуп, кеп тарыхта чыныгы болгон душмандар жөнүндө эмес, жомоктогу каармандар жөнүндө болуп жаткандыктан, бул жерде маселеге купулай саясатчынын көзү менен эмес, көркөм өнөрдүн талабы менен кароого чакыргандар да болуп жатат. (KCh)