Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Таластык студенттер өлкө башчысын тосуп алууга даярданууда


Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студенттери бүгүн деканатка чакыртылып, президенттин сапарына карата уюштурулуп жаткан иш-чарага катышууга убада берип, кол коюшту. Атын атагысы келбеген студенттин айтымында, бүгүн саат бештер чамасында 60ка жакын студенттер эки автобус менен Манас ордо комплексине жеткирилип, президентти тосуп алуу аземине даярданышты. Колубузга желектерди берип, ким кайда турарын, кантип кол чабарыбызды көрсөтүштү дешти студенттер. Маалыматтарга караганда, эртеңки жолугушууга Талас мамлекеттик университетинин, Технологиялык институттун, айыл чарба техникумунун жалпы жонунан 200гө жакын студенти катышууга тийиш. (JTo)

XS
SM
MD
LG