Долбоор шайлоого чейин жана добуш берүү учурунда жаштардын укугун коргоого багытталган. Ага ылайык жаш шайлоочулар мамлекеттик аткаминерлер же окуу жайлардын жетекчилиги тарабынан өздөрүнүн укугун бузуу аракеттери болсо, аталган кеңешке билдире алышат. Билдирүүдө жаштарга административдик кысым көрсөтүүгө аракет кылынган факты, мамлекеттик аткаминердин аты-жөнү, укук бузуу болгон аймактын же окуу жайдын так аталышы берилиши керек. Акыйкатчынын алдындагы жаштар менен студенттердин укугун коргоо кеңеши мындай билдирүүлөр текшерүүдөн өткөндөн кийин жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарына, Кыргызстандагы элчиликтерге, коомчулукка жана БШКга кабарланып турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кеңештин координатору Тимур Шайхутдинов маалымдап, долбоор “Интербилим” борбору менен бирдикте түзүлүп, иштеп жаткандыгын кошумчалады. Анын айтуусунда долбоорго келип түшкөн алгачкы билдирүүлөр тууралуу маалымат келерки жумада жарыяланат.(ZKo)
Акыйкатчынын алдындагы жаштар менен студенттердин укугун коргоо кеңеши жаңы долбоорду ишке киргизди