Палестинанын радикалдык ХАМАС тобу Израил мамлекетин тааныбай турганын билдирди. Кечээ АКШнын мурдагы президенти Жимм Картер ХАМАС тарабынан көзөмөлдөнгөн Газа тилкесинде болуп, бул топту Израилди жөөт мамлекети катары таанууга чакырган. ХАМАС тобу Жакынкы Чыгышта жөөт мамлекети үчүн орун жок деп эсептейт.