Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Ооганстан: шайлоодо коопсуздукту камсыз кылууга 10 миң жоокер тартылат


Ооганстанда өтө турган шайлоодо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кошумча эл аралык коалициянын 10 миңге жакын жоокерлери тартылат. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер ооган лидери Хамид Карзай менен жолугушуу маалында билдирди. Схеффер алдыдагы президенттик шайлоонун Ооганстан үчүн маанисин белгилеп, ал эркин жана таза өтүшү керектигин кошумчалады. Кабулда иш сапары менен жүргөн Схеффер бүгүн 20-августка белгиленген президенттик шайлоого талапкерлер: мурдагы каржы министри Ашраф Гани жана экс-тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен жолугушары күтүүлүдө.

XS
SM
MD
LG