БШКнын маалыматына караганда Жогорку Сот төмөнкү баскычтагы сот чечимдерин кечээ кечинде күчүндө калтырды. Президенттикке талапкер болуу ниети менен арыз берген Акбаралы Айтикеевди талапкер кылып каттоодон БШК баш тартып, муну жетиштүү кол топтой албагандыгы менен негиздеген. Айтикеев мындай негизди атайын жасалган бут тосуу деп, өзү чогулткан кол тамгалар мыйзам талап кылган деңгээлде чогулткандыгын далилдөө максатында сотко кайрылган болчу. Райондук сот бул арызды канагаттандырган эмес.(BuS)