Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

БЭКтин Талас облустук лидери бошотулду, калганын милиция кармап турат


“Азаттыктын” Таластагы кабарчысынын маалыматына караганда Талас шаардык милиция “Манас-Ордо” комплексинен БЭКтин облустук лидери Койсун Курманалиева баштаган оппозициянын беш өкүлүн кармап кеткен. Алардын үчөөнү бошотту. Ал эми Талас райондук милициясы кармап кеткен “Ата-Мекен”, “Асаба” партияларынын алты өкүлү бошотула элек. Мындан тышкары комплексте президент Бакиев жолугушуп жаткан элдин арасынан оппозиция өкүлдөрү бирден тышка чыгарылып жатат.
Учурда Койсун Курманалиева баштаган БЭКтин жоон топ өкүлү “Манас-Ордого” кире албай турушат. Аларды тартип коргоо кызматтары Долоно айылынын кире беришинде тосуп, саат 8:30дан кечиккендерге кирүүгө уруксат жок экендигин билдирүүдө. Президенттикке талапкер, азыркы президент Бакиевдин иш сапарына байланыштуу Талас аймагында тартип коргоо кызматтары күчөтүлгөн тартиптке иштеп жатышат. Ал эми БЭКтен сунушталган талапкер Алмаз Атамбаев бүгүн Кыргызстандын түштүк аймагына барарын СДП өкүлү Роза Отунбаева билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG